Араван районунда эки өзбек жаранынын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-апрель күнү саат 07:45 чамасында Фергана каналынан (Жар-Кыштак айылында) эки адамдын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, каза тапкандардын бири 1989-жылы туулган А.Ш. жана экинчиси 1991-жылы туулган А.З. аттуу Өзбекстандын жарандары экендиги аныкталган. Учурда алар туугандарына өткөрүлүп берилди.