Бишкекте 22 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте 22 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 27 жаштагы Т.Ч. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал Наргиза аттуу чала тааныш жаран ишеничине кирүү менен 37 миң сомго товар алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Ж.Н. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан