Орусиянын Москва шаарында 20 жаштагы Кайратбек кызы Айлара изделүүдө. Бул тууралуу окурман 6-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Кыздын апасымын" деген Айымгүл аттуу окурмандын айтымында, 20 жаштагы Кайратбек кызы Айлара 2-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
“Айлара Омск шаарында жашаган 25 жаштагы Аскарбек Матжумаев менен 2011-жылы интернет аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүрүшкөн. Бир аз күн мурда тиги жигит “сүйбөйм” деп айтса керек. Кызым ошол бойдон дайынсыз болууда”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.