Ош шаарында унаа жолу 4 метр тереңдикке чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарындагы №9-Амир-Темир аймактык кеңешинин 101-көчөсүнөн жер кыртышы бузулуп, чөгүп кеткен. 3-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин жана министрликтин Ош шаардык башкармалыгынын адистеринен турган комиссия жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшүп, аны тез арада калыбына келтирүүнү Ош шаардык жолдор башкармалыгына жана Газ чарба башкармалыгына милдеттендирген.
Ош шаарынын Жолдор башкармалыгынын карамагында турган 101-көчөсүнүн чыгыш тарабында узуну 22 метрдей жер кыртышы 4 метр тереңдикке чөгүп кеткен. Жер кыртышынын чөгүүсүнө март айынын акырында жаан-чачындын көп жааганы жана эриген кар суулары агып кетүүчү арыктын жоктугу себеп болгону аныкталган. Ошондуктан жолдун четинен асфальт төшөлгөн катмары бузулган. Анын кесепетинен унаалардын каттоосуна жана жөө адамдардын жүрүүсүнө коркунуч жаралган. Комиссиянын корутундусунда бул процесстин мындан ары өрчүүсү автоунаа жолунун толук бузулуусуна алып келери белгиленген. Мындан сырткары унаа жолунун чыгыш тарабынан өткөн газ магистралынын бир мамысы да кулап түшкөн.