Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жараны Айдана Байзиеванын сөөгүн таануу боюнча ДНК анализинин жыйынтыгы чыкты, каза болгон айым А.Байзиева экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Малайзиядагы элчилигинен билдиришти. Учурда маркумдун аталаш эжеси элчилик менен биргеликте кыздын сөөгүн кыргыз мамлекетине жөнөтүүгө даярдык көрүүдө.
Маалыматка таянсак, Айдана 8 жашар кезинде апасы кырсыктан каза тапкан (поезд сүзүп кеткен). Өзү Малайзиядан жогорку билим алып, атасынын жардамы менен ошол өлкөдө бизнес баштаган. Авиамектептен тик учак айдоо боюнча да билим алганы айтылды. Бирок кырсыкка кабылар күнү конок катары же учкучтун жардамчысы катары тик учакта болгону аныктала элек. А.Байзиева үй-бүлөдөгү жалгыз кыз болгон.
Эскерте кетсек, 4-апрелде Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында тик учак кулап, кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери да болгон. Тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени кабарланган. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканда кырсыкка кабылышкан (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).