
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы төкмө акын, дастанчы, комузчу
Тууганбай Абдиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ичке-Сай айылында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1986-ж.), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-ж.), ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай-1993", "Манас-1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек-500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы бүт өмүрүн театрга арнаган залкар талант, КРнын Эл артисти
Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган. Бакирдин Алиев кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле театрда жүздөн ашуун роль жараткан.

* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы актёр, продюсер
Жеки Чан Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган. Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен араң төрөгөн. Ошентип, 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген.
Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген маанини берет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. Жеки – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.