Алай районунун Согонду айылында болгон куюндан улам мектептин 1065 чарчы метр чатыры жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-апрель күнү саат 14:45 чамасында С.Жаанбаев атындагы орто мектептин аянты 840 чарчы метр болгон чатырын куюн аңтарып, ал ошол эле мектептин ортоңку корпусунун узуну 15 метр, туурасы 14 мерт болгон чатырынын үстүнө кулап түшүп, ортоңку корпусунун 225 чарчы метр чатырын талкалап кеткен. Жалпысынан мектептин 1065 чарчы метр чатыры жабыркаган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө, адам өмүрүнө зыян келген эмес.