Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Токтогул районунун Такталык жайытында 60 гектар куураган чөп күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.