Ысык-Көлдө мектеп окуучусу атасынын унаасын айдап бара жатып 4 жаштагы баланы сүзүп алды

Ысык-Көлдө мектеп окуучусу атасынын унаасын айдап бара жатып 4 жаштагы баланы сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-апрель күнү саат 19:45 чамасында Барскоон айылында болгон. Анда 10-класстын окуучусу атасынын унаасын айдап бара жатып 4 жаштагы Исламды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur45
2015-04-07 11:26:27
Анда 16 чыгып калыптыр да бул бала. Ата-энеси эмес озун жопкерчилике тартылат
+6
ularik_kg
2015-04-07 12:06:29
16 жашка чыккан болсо ал баланы жоопкерчиликке тартпоо керек ал баланы келечегине балта чаппаш керек кийин не болот анын тагдыры. Бул ишти баарыга Ата эне күнөөлүү баласы менен кызыкпаганы да
-5
Patriot...kg
2015-04-07 13:20:52
21-мартта 16 жаштагы бала акесинин машинасын айдап баратып авария болуп эртеси жан берди.
Менин досум болчу. Ошол үчүн туугандар акшыңдабай айдайлычы.
+2
jamilya03
2015-04-07 16:39:43
баланын гонулундогусун жасаган ата-энеде гуноо машинага оз алдынча отургузбаш керек болчу
0
zhykyo
2015-04-07 18:07:01
Абайлап айдаса болмок кырсык айла жок, жоопко тартыш керек.
0
Taku.14.02
2015-04-07 19:00:12
Журогу ак балдар кокустуктун айынан камалып келечеги бузулат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан