14-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун Сокулук районундагы бөлүгүндө жол кырсыгы болуп 5 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кырсыкта Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен Хонда унаасы сүзүштү. Жабырлануучулардын тизмеси төмөндөгүдөй:
Тойчубеков Б.,
Асаналиев А.,
Гросс С.,
Мопородов А. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатканы маалымдалды.