Пакистандын жаранынан 27 миң доллар талап кылган шаар тургуну кармалды

Пакистандын жаранынан 27 миң доллар талап кылган шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 36 жаштагы Пакистандын жараны кайрылган. Анда ал өткөн жылдын декабрь айында 46 жаштагы шаар тургуну унаасынын документтерин тартып алып, ал үчүн 27 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 46 жаштагы шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
esentur8893
2015-04-07 12:11:19
Оной окатты тапкан экенсинер
0
bossmos7
2015-04-07 12:15:22
Жакшы болуптур! Пакистанда журо беришин керек !!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан