Ысык-Ата районунда табылган эшек эттерин ким таштаганы белгисиз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кечээ Ысык-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Иса Касмалиев Новопокровка айылында 101 эшектин эти табылып, алар эрежеге ылайык жок кылынганын айткан.
Айта кетсек, буга чейин февраль айында Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жараткан эле.