Жайыл районунда болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Жайыл районунда болгон адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-апрель күнү саат 01:05 чамасында Кара-Балта шаарында башына ок жеген адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барышып, маркумдун 27 жаштагы О.А. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну экендигин аныкташкан. Ал Хонда Одиссей унаасы менен такси кызматында иштеп жүрчү. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Н.В. жана 16 жаштагы Р.И. кармалган. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2015-04-07 13:28:11
жашабай жатып ушундай
чон кылмышкерлике
барганын булардын.
Буга окшогондор тумодо
чирисин.
Ийизин суутпай кармаган
укук коргоо
кызматкерлерине рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан