Чүй облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн биринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган бөлүмдүн кызмат адамдары жеке ишкер менен өз ара сүйлөшүп алышып, кеңсе товарларын сатып алууда бааларды атайылап жогорулатышкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.