Жылнаама, 8-апрель: Мындан 2 жыл мурун Улуу Британиянын "темир айым" атыккан айтылуу экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер каза болгон

* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы ганалык дипломат, БУУнун 7-башкы катчысы (1997-2006) Кофи Аннан туулган. Ал Швейцария, АКШнын колледждеринде билим алып, бакалавр даражасына ээ болгон. Кийин АКШдагы Массачусетс технологиялык институтуна тапшырып, студент кезинен баштап БУУда иштей баштаган. Кофи Аннан 1997-жылдын 1-январынан тартып БУУнун катчысы болсо, 2001-жылы 29-июнда экинчи ирет шайланган. Ал эми 2006-жылы 31-декабрда ишин жыйынтыктаган. Кофи Аннан 2001-жылы "Нобель" сыйлыгына арзыган.
 
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы популярдуу "Кыздар" жана "Бензоколонка ханышасы" баш болгон 30га жакын фильмдерде эң мыкты образдарды жараткан советтик актриса Надежда Румянцева 77 жаш курагында көпкө созулган оорудан каза болгон. РФнын Эл артисти менен коштошуу үчүн анын күйөрмандары бүткүл КМШ жана чет өлкөлөрдөн келишкен. 
Надежда Румянцева 1930-жылы 9-сентябрда Москвага жакын Жаворонки деген айылда туулган. Жердигинен уламбы же ичке үнүн жана шамдагайлыгын ушул чымчыктыкына окшоштуруппу, актрисаны баары “Жаворонок” деп тамашалап аташкан. Кичинекей Надюша мектепте эле “артистка” деген атка конгон. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы Борбордук балдар театрына сынакка катышууну чечип, өтүп кеткен. 
Эң алгачкы жолу көрүүчүлөр Надежда Румянцева деген ысымды 1952-жылы “Жашоого бет ала...” деген фильмден угушкан. 1957-жылы Оскар Уайльддын “Жылдыз бала” жомогунда эркек баланын ролун аткарганы да көрүүчүлөргө жаңылык эле. Ошондон баштап таланттуу актрисанын фильмографиясы жыл сайын бир фильм менен толуктала баштаган. Чыныгы популярдуулук актрисага “Кыздар” кинокомедиясынан кийин келген. Ийгилик тепкичинин кийинки кадамына Румянцева “Бензоколонка ханышасы” деген фильми менен көтөрүлгөн. 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Орусиянын президенти мындан ары саатты кышкы жана жайкы деп бир саатка жылдырбоо боюнча жарлыкка кол койгон. Бирок 30-октябрда көптөгөн телефондор, ойготкучтар, компьютерлер автоматтык түрдө бир саат артка жылып кеткендиктен, миңдеген орусиялыктар жумушка жана каттамдарга кечигип калышкан. Мындай күтүлбөгөн ыңгайсыздык айрыкча учак менен учактын жүргүнчүлөрүнө олуттуу терс таасирин тийгизген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Улуу Британиянын "темир айым" атыккан айтылуу экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер 87 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон. 
Советтер Союзунун кулашына чоң салым кошкон саясатчы катары таанымал Маргарет Робертс Англиянын Грантем шаарчасында 1925-жылдын 13-октябрында кедей үй-бүлөдө туулган. Жаш курагына карабай кичинекей Маргарет үйдөгү саясий талкууларга активдүү катышкан. Жаш кезинде аны мода, жигиттер кызыктырган эмес. Өзүнүн чөйрөсүндө бир гана саясат жөнүндө сүйлөп, тартышчу. Болочоктогу өкмөт башчы Оксфорддун химия факультетине тапшырат. Студенттик жылдарында Консерванттар ассоциациясына мүчө болот. Окууну бүткөн жаш химиктин жан дүйнөсүнө желим чыгаруучу фирмада иштөө туура келбейт. Студент кезде эле партиянын активдүү мүчөсү болгондуктан, 1948-жылы партиянын атынан өнүкпөгөн округдан талапкерлигин коёт. Тэтчер британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калган.
8-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан