8-апрелде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге, Ысык-Көл акваториясында болсо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +10°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +11°C
Баткен облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +5°C
Нарын облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +1°C
Бишкек шаары. Күндүз +14°C, түнкүсүн +8°C