Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Ысык-Ата районунда турак үй күйүп кетти. Кырсыктын келип чыгуусуна коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон.