Казак жараны ок атуучу курал жана ок-дарылар менен кармалды

“Ак-Жол-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде ок атуучу курал жана ок-дарылар менен казак жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрель күнү чек арачылар тарабынан Казакстандын жараны Кыргыз Республикасына кирип келе жатканда кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда травматикалык тапанча октору менен, 2 аңчылык бычагы, кишен табылган.

Учурда казак жараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан