Чүй. Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине “С” ишканасынын башчысы кайрылган. Анда ал Ак-Суу айылында темир жолдогу рельстер жана рельстин алдына төшөлүүчү жыгачтар белгисиз адам тарабынан уурдалганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ак-Суу айылынын 31 жаштагы Т.В. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан