Кемин районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 48 жаштагы А.И. аттуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 4-апрель күнү белгисиз адамдар короосундагы төрт коюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кемин районунун 3 тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.