Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардияда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Улуттук гвардияга эмерек сатып алуу боюнча тендер өткөн. Анын жыйынтыгында тендерге катышууга билдирме жөнөтпөгөн ишкана жеңүүчү аталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.