Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Араван райондору боюнча башкармалыгынын башкы адиси 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-апрель күнү Ош облустук прокуратурасына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Ш.А. аттуу жарандын арызы боюнча материалдар келип түшкөн. Анда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери А.Б. жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын жабуу үчүн 50 миң сом талап кылганы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган кызматкер 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан