Нарын дарыясына түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Булуң айылында 7-апрелде саат 22:40 чамасында асма көпүрөдөн 1974-жылы туулган Назгүл Дамбылдаева Нарын дарыясына түшүп кеткен. "КРнын ӨКМнын райондук №16-Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнүн 7 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүшкөн, натыйжа болгон эмес. Бүгүн эртең менен саат 08:30 чамасында Н.Дамбылдаеванын сөөгү туугандары тарабынан Нарын районунун Чет-Нура айылынын тушундагы аралчадан табылды",- деп билдирди мекеме.