Жалал-Абад облусунда унаа уурдагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-апрель түнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылында белгисиз адамдар Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкен. Түшкөн арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Р.Э. жана 1982-жылы туулган А.Ы. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.