Бишкекте уурулукка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 25-марттан 26-мартка караган түнү белгисиз адам унаасынын айнегин сындырып, 3 миң сомун алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы С.С. аттуу аял кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.