Ош шаарында жана Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында кечээ, 7-апрелде болгон селдин кесепетинен бир канча социалдык мекемелер жана турак жайлардын жер төлөлөрүнө суу толуп, чарбактарын суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган топ табигый кырсык орун алган аймактарда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды берүү үчүн иш сапары менен жүрөт. "Иш сапардын жүрүшүндө министр селдин жана суу каптоонун кесепетинен жабыркаган Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун калкы менен жолугушту. Кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгым боюнча Жарандык коргонуу комиссиялары жер-жерлерде иш алып барышууда",- деп билдирет мекеме.