Түптө карагайды мыйзамсыз кыйганы үчүн токойчуга кылмыш иши козголду

Түптө карагайды мыйзамсыз кыйганы үчүн токойчуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, токойчу 50дөн ашык карагай, 14 даана Тянь-Шань карагайын жана бир канча кайыңды мыйзамсыз кыйган. Ошондой эле ал “токой чарбасына тиешелүү атты эч кандай тиешелүү документтери жок менчиктеп алган жана көчөттөрдү саткан” деп айыпталууда. Учурда “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2015-04-08 19:01:27
Токойчу кыйын экен элдикин менчиктеп алган го .Элдер кайра токойчуга айлык толоп. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-04-09 11:46:34
zhykyo - эскертүү!
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан