Жылнаама, 9-апрель: Мындан 2 жыл мурун "мыйзамдагы ууру" атыккан Азиз Батукаев абактан бошотулуп, Бишкек-Грозный чартердик каттамы менен кыргыз өлкөсүнөн учуп кеткен

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Рысбек Акматбаев №69-Балыкчы округунан 79,22% добуш топтогон. Ошентип, эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу уюшкан кылмыштуу топтун лидерине парламент депутаттыгына мандат алууга жол ачылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Рысбек Акматбаевдин үч оор кылмышы боюнча соттук иши бүтмөйүнчө ага мандат берүүдөн баш тарткан. Рысбек Акматбаев ошол эле жылдын 10-майында киши колдуу болуп каза тапкан.
 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Нарындагы №4-тергөө изоляторунун жетекчисинин орун басары Т.Абылгазиевдин сунушу менен Нарын шаарынын соту Ж.Эрматов 16 жылга эркиндигинен ажыратылып соттолгон Азиз Батукаевди 8 жылдык өтөлө элек жаза мөөнөтүнөн бошотуу чечимин чыгарган. Судья Батукаевдин оор илдетке кабылганын негиз кылган. Бирок бошотууну суранып жаткан айыпкердин кылмышынын оор-жеңилине кароо керек деген мыйзам талабын көңүлдөн тыш калтырган. А.Асанов, Д.Бегалиев, С.Узакбаев, К.Бектемиров жана тергөө изоляторунун дарыгери М.Кайкиевадан турган атайын медициналык комиссия "Батукаев ак кан жана боордун циррозуна чалдыккан" деген корутунду чыгарган. Дал ушул корутундунун негизинде 9-апрель күнү "мыйзамдагы ууру" атыккан Азиз Батукаев бошотулуп, Жаза аткаруу кызматы, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн коштоосунда "Манас" аэропортуна чейин келип, Бишкек-Грозный чартердик каттамы менен кыргыз өлкөсүнөн учуп кеткен.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы америкалык актриса Кристен Стюарт АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Кристен Стюарттын таланты бала кезинен билинип, 8 жашынан баштап тасма талаасына аралаша баштаган. Алгачкы эң чоң ролун голливуддук Дэвид Финчердин "Коркунуч бөлмөсү" ("Комната страха") тасмасында 2002-жылы жараткан. Андан соң актрисага удаасынан сунуштар түшүп, ал дүйнөгө белгилүү режиссёрлор менен иш алып барган. Бирок актрисага атактуулукту "Күүгүм" тасмасы алып келген. 2013-жылы белгилүү "Forbes" журналы Кристен Стюартты Голливуддагы Анжелина Жоли, Женнифер Лоуренстен кийинки эң көп акча төлөнгөн актриса деп атаган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы "Инстаграм" программасын "Facebook" компаниясы 1 миллиард долларга сатып алган. Аталган сервистин кожоюндарына "Facebook" 300 миллион доллар которуп, андан сырткары 23 миллиондук акция баракчаларын өткөрүп беришкен. "Инстаграм" (Instagram) – деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо "Instant" – "көз ирмем", "telegram" – "телеграмма" дегенди билдирип, "көз ирмемде жөнөтүлгөн телеграмма" деген маанини түшүндүрөт. Бул программанын негизги функциясы - сүрөт жана видеолорду көпчүлүк менен бөлүшүү.
9-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2015-04-09 08:55:46
Рыспек Акматбаев каза болбогон до .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан