Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1 өрт болгон.
Кара-Суу районунда турак үйдүн чатыры жана ичиндеги үй буюмдары күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.