Өлкөдөгү банктардын биринин жооптуу кызматкерине кызмат абалынан пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголду

“Оптима банктын” жооптуу кызматкерине кызмат абалынан пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы дыйкандарга колдоо көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча Каржы министрлиги “Оптима банк” менен келишим түзгөн. Бирок аталган банктын жооптуу кызматкери мурда насыя алып, төлөй албай калган кардарларына жеңилдетилген кредиттерди берген.

Учурда “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан