Чүй облусундагы мектеп-интернаттын жооптуу кызматкери “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелүүдө

Чүй облусундагы мектеп-интернаттын жооптуу кызматкери “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мектептин жооптуу кызматкери "товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ээлеп алган” деп айыпталууда. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жайыл районундагы мектеп-интернатта акыл-эсинен жабыркаган жана физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан