Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында 8 гектар кайрак жерге 3000 түп алма-өрүк тигилип, ал “Өнүгүү багы” деп аталды. "Бактысын башка элден эмес, өз жеринде тапса болот" деген “Өнүгүү-Прогресс” партиясы бул демилгени колдоп, жалпы өлкө боюнча жаңы көчөттөрдү отургузуп, кийинки муунга кам көрүүдө. Адам баласы кааласа какыраган кайрак жерди өздөштүрүп, аны мөмөлүү саябанга айлантып коёт. Ага болгону, ар кимди сындап же бирөөдөн үмүт кылбай, аракет менен кажыбас эмгек жасоо зарыл.