Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы К.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 6-апрель түнү белгисиз адам кафедеги музыкалык аппаратураны уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Н. кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.