Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызматкер тез арада документ берүү процессин атайылап созуктуруп, аны тездетүү үчүн жалпы жарандык паспорт алам деген А.А. аттуу шаар тургунунан 10 миң сом пара талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, пара алып жаткан жеринен Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
milan_92
2015-04-09 19:35:37
Пара алып кармалгандарга кандай мыйзам иштейт.же оздору да пара алып койберип жиберишеби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан