Аламүдүн районунда жергиликтүү тургунду эч себеби жок сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине аталган райондун тургуну кайрылган. Анда ал 8-апрель күнү чала тааныш адам аны эч себепсиз сабаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ж.А. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.