Алматы-Бишкек унаа жолунда аялды сүзүп, андан соң таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-март күнү саат 21:45 чамасында “Алтын-Ордо” базарына жакын жерде болгон. Анда жол четинде бара жаткан жөө жүрүүчүнү белгисиз адам Хонда Одиссей унаасы менен сүзүп, андан соң жабырлануучуну унаасына салып барып, таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген. Бир канча сааттан кийин таштандыга ыргытылган жабырлануучуну милиция кызматкерлери таап, оор абалда ооруканага жеткиришкен.
Учурда жол кырсыгынан жабыркаган 34 жаштагы Нургүл Тургымбаева ооруканада. Ал эми бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу изделүүдө.