Орусияда жаңы төрөлгөн кызын көчөгө таштап кеткен эне изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 7-апрель күнү Екатеринбург шаарындагы Уралмаш кичи районунда жергиликтүү тургундар тарабынан жаңы төрөлүп, ташталган ымыркай табылган. Ымыркай менен кошо ташталган катта “балдар үйүнө берип койгула” деп жазылган.
Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, кыздын энеси Кыргыз Республикасынын жараны.