Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиевге кылмыш иши козголушу керектигин айтты

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиевге кылмыш иши козголушу керек". Муну парламенттин 9-апрелдеги жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. "Сөзсүз кылмыш иши козголушу керек, бул боюнча бүгүн комиссия түзүлдү. Комиссиянын корутундусунан кийин чара көрүлөт",- деп билдирди. Башкы прокуратуранын өкүлү бул боюнча расмий маалыматы жок экенин билдирип, кылмыш ишин козгоо боюнча комментарий бере албай турганын билдирди. 
Эскерте кетсек, өкмөт башчы бүгүн, 9-апрелде "кызматтык колдонуу үчүн дайындалган документтерди коомго ачыктады" деп Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиевди кызматтан алган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан