Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселеси боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, жыйынтыгында өкмөттүн бул багыттагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Добуш берүүгө жалпысынан 76 депутат катталса, добуш берүүгө анын 64ү гана катышып, 58 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берди.
Төрага Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" маселесин чечүү ачык бойдон калганын айтты. "Парламент өкмөткө кандай багытта иш алып барарын көрсөтүшү керек. Ушул аптада Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк өкмөт менен тыгыз иштесин",- деп билдирди Жээнбеков.
Спикер премьер-министр Жоомарт Оторбаевге ишеничтүү команда түзүүнү сунуштады. "Бүгүнкү жыйында өкмөттүн айрым мүчөлөрү эки башка позицияны карманышарын ырасташты. Биз кимиңерге ишенели?"- деди Жээнбеков.