Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган марафондо 7 миллион 133 550 сом жана 1400 доллар чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, чогулган каражат кыргыздын чыгаан акынынын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды ишке ашырууга жана Алыкул Осмонов атындагы мемориалдык музейди оңдоп-түзөөгө жумшалат.
Айта кетсек, марафон 9-апрелде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болуп өттү. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 100 миң сом которду.