"Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сабалды" деген маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул тууралуу милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Учурда ал маалымат такталууда. Ошондой эле иликтөө иштери жүрөт.
Айта кетсек, кечээ Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаев: “Ошто оппозиция мүчөлөрү Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда 100 чакты белгисиз жигиттер кирип келишип кол салышты. Андан соң Улуттук оппозициялык кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Улукбек Маматаевди сүйрөп алып чыгып кетишкен. Учурда алардын кайда экени белгисиз болууда”,- деп билдирген эле.
Ал эми бүгүн эртең менен Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун Жалал-Абадда экени белгилүү болгон.