ИИМдин маалыматы боюнча ушул жылдын январь айында Кыргызстан боюнча 2 миңге жакын кылмыш иши катталды. Алардын ичинен 1 миң 123 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка катыштыгы бар жарандардын 50 пайыздан ашыгы 30 жаштын тегерегиндеги адамдар болгон. Ошондой эле кылмышка шектелген жарандардын 72 пайызы эч жерде иштебегени жана окубаганы маалым болгон. Мындан сырткары алардын 13 пайызын айымдар, 8 пайызын өспүрүмдөр түздү.