Араван районунда мамлекеттик чек араны бузган эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-апрелде "Ош" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан эки кыргыз жараны кармалган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу эч кандай документтери жок өтүүгө аракет кылышкан. Учурда алар күч органдарына өткөрүлүп берилди.