"Ошто оппозиция мүчөлөрү сабалды" деген маалымат чындыкка дал келбейт". Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 9-апрель күнү Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунда 11-апрелде өтүүчү курултайды сүйлөшүү үчүн Ош шаарында Абдылда Капаровдун үйүнө чогулушкан. Кийин аларга 15-20 адам келип “Бизге тынчтык керек, бул жерден кеткиле. 2010-жылдагы окуя сабак болгон жокпу?” деп алардын кетишин талап кылышкан. Андан соң Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Улукбек Маматаев такси менен Жалал-Абадга кетишкен.
Алардын сабалганы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт.