Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жараны Айдана Байзиеванын сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү

Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жараны Айдана Байзиеванын сөөгү бүгүн Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Малайзиядагы кыргыздардын “Ала-Тоо” биримдигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, Айдана 8 жашар кезинде апасы кырсыктан каза тапкан (поезд сүзүп кеткен). Өзү Малайзиядан жогорку билим алып, атасынын жардамы менен ошол өлкөдө бизнес баштаган. Авиамектептен тик учак айдоо боюнча да билим алганы айтылды. Бирок кырсыкка кабылар күнү конок катары же учкучтун жардамчысы катары тик учакта болгону аныктала элек. А.Байзиева үй-бүлөдөгү жалгыз кыз болгон.

Эскерте кетсек, 4-апрелде Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында тик учак кулап, кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери да болгон. Тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени кабарланган. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканда кырсыкка кабылышкан (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gayshiyip_turat
2015-04-10 14:18:41
жаткан жери жайлуу,жаны Жаннатта болсун! Уй-булоосуно терен конул айтам.. Баса,кыз канча жашта экен эле..
+3
janko1
2015-04-10 14:24:48
Аллахым билип билбей кетирген куноолорун кечирип жайын жаннаттан кылсын. жакындарына терен конул айтабыз.
+5
don_quixote
2015-04-10 15:05:14
Жайы жаннаттан болсун. Аллаhым билип, билбей кылган куноолорун кечирсин. Амин.
+4
Bakenulukbek
2015-04-10 16:28:17
Калган жашты атасына берсин оомийн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан