“Манас” аэропортуна жардыргыч зат коюлду” деп телефон чалып алдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-апрель күнү белгисиз адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына чалып, Эл аралык “Манас” аэропортунда жардыргыч зат коюлганын айткан. Аталган жерге ыкчам топ барып, тинтүү жүргүзүшкөн, бирок эч кандай жардыргыч зат табылган эмес. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Ш.К. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.