Түп райондук мамлекеттик администрациясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы аталган райондук администрацияга маданият тармагын өнүктүрүү үчүн коомдук фонддон акча каражаты которулган. Бирок ал сумма өз дарегине жетпей, акимчиликтин кызмат адамдары тарабынан коротулган. Мындан улам мамлекетке 90 миң сомдон ашуун зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.