Бишкекте зордуктоого шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 36 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылган. Анда ал чала тааныш адам Жибек Жолу көчөсүндө күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Нарын облусунун О.Ж. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.