Кочкордо өз агасынын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын февраль айында болгон. Анда 29 жаштагы жаран үй-бүлөлүк чырдан улам өз агасын бычак менен сайып салган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканадан көз жумган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркумдун иниси кармалган. Учурда кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберүү алдында турат.