
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы "тамашоучу"
Азамат Исмаилов Нарын шаарында туулган. 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин Көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. "Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көргөзө баштаган. Азамат Исмаилов "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган. Ал телеалпаруучу катары да эл көзүнө көрүнүп, андан сырткары жарнамалык түрмөк, ырчылардын клиптерине, комедиялык тасмаларга тартылган.

* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы "Супер сулуу-2010" сынагынын жеңүүчүсү
Бурул Бактыбек кызы Жалал-Абад шаарында туулган. Бурул Бактыбек кызынын теги Таластан, бирок Жалал-Абад шаарында чоңоюп, 2-класска чейин ал жакта окуп, андан соң үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келген. Бурулдун кесиби - экономист. Ал "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер сулуу" сынагын жеңип, Таиландда эс алып келген.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы ЖК көпчүлүк добуш менен кыргыз-казак мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин долбоорун ратификациялаган. Ошентип, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жана чек арадагы айрым тилкелер, анын ичинен айтылуу Каркыра жайлоосу Казакстанга өткөрүлүп берилген. Аны 59 депутат колдосо, 17си каршы добуш берген.

* Мындан 260 жыл мурун, 1755-жылы англиялык врач
Жеймс Паркинсон Лондондо туулган. Өзү оорулуу экенине карабай, ооругандагы абалын ийне-жибине чейин кагаз бетине түшүрө берип, 1817-жылы анысынан "Калтыратма шал оорусу тууралуу эсселер" деген эмгек жаралган. Ошентип, ооруга анын аты коюлуп калган.
Паркинсон - борбордук нерв системине байланышкан мээ оорусу. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул дартка чалдыккан белгилүү адамдар жөнүндө кеп кыла турган болсок, бокс боюнча Дүйнө чемпиону, уламышка айланган Мухаммед Али Паркинсон оорусунун оор түрү менен ооруган. Адатта, бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Ага дарыгерлер 1984-жылы эле ушул диагнозду коюшкан. Мухаммед Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон.